Турмуштун сыноосуна бышкан кезде
Түбөлүк бул дүйнөдөн шашып кеттиң
Күүлөнүп дангыр жолго түшкөн кезде
Күүгүмгө колун шилтеп батып кеттиң
Кайырма:
Келдибек Келдибек деп бир куш сайрайт
Керезин уккан бирөө күндө ыйлайт
Күйүткө чөмүнөбүз тумчугабыз
Күйүккөн курган жүрөк күндө ыйлайт
Жаш албай калган өмүр баары жалган
Жаркылдап өткөн күндүн баары арман
Жараткан ажал берген уулу чындык
Мандайга ошол жашты билип жазган
Эрнис Турсунов — Келдибек тексти
Датасы: 19.04.2021 Көрүүлөр: 37