Ишенбеймин дүйнө жалганына,
Себеп жоктур арзуу-арманына.
Бактылуумун түбөлүккө,
Жалгыз сени сүйүп калганыма,
Тумар болчу сен дайыма.
Кайырма:
Махабат жаралат,
Жүрөктү жаралап.
Жаз болуп саматат,
Жалындап баратат.
Сүйүү оту сенде жалындаган,
Жүрөк болбос сага багынбаган.
Шоола чачып ай нурундай,
Дайым эңсеп, бирок табылбаган,
Жылдызымсың мага жанган.
Кайырма:
Асылым сен, мен эңсеген,
Өзүң жүрөгүмө бакыт берген.
Кайырма:
Алихан — Махабат тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 297