Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Шүмшүйүп калбаш үчүн акыры
Жүрөлү чындык үчүн бакырып
Ынтымак биримдике чакырып
Бирдейбиз баары бир байыда жакыры
Түтөгөн көк түтүн бүтпөгөн дүнүйө
Жүздөгөн окуя чырмаша түюлгөн
Жетемби үйүмө кепилдик бере албайм
Артынан сөз ташып жеткире албайм
Унааны мунайга, унааны мунайга
Шүгүрдү кудайга
Алмашып күн айга тагдырын маңдайда
Тытынып тыгылып тытылып кеткендирбиз
Сыгылып сыр кылып сыртынан билгендирбиз
Кырылып кыркылып кыдырып кеткендирбиз
Күрөшүп жыгылып баркына жеткендирбиз
Баары жакшы мен жаман
Баары буудай мен саман
Баары билгич бул заманда
Баары илип бекинип алган
Акыйкат бир эле ичтери кир беле
Айлантып келтирип эле
Какшыктап тетири кашыктап тергенинди


Бирөөсү түшүнбөй деги эле
Кем эмес аз эмес
Бирине бири уйкаш
Зымына зым туташ
Мезгилдер тынбай учат
Аллахым бизге эмес
Аллага биз муктаж, Аллага биз муктаж
Кеп саламбы же жеп саламбы
Дем саламбы же деп саламбы өз ишим
Шүмшүйүп калбаш үчүн акыры
Жүрөлү чындык үчүн бакырып
Ынтымак биримдике чакырып
Бирдейбиз баарын бир байыда жакыры

Один комментарий к “FREEMAN 996 — Бирдейбиз текст ”

  1. Кырылып кыркылып кыдырып кеткендирбиз туура эмес Кыркылып кыдырып кырылып кеткендирбиз туура

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *