Датасы: 10.01.2025
Формат: mp3

Унтушпай самашабыз
Улансын тамашабыз
Урматтап сыйлашалы
Улгайып баратабыз

Кайырма
Өмүр — бул бир келген көктөм
Өр тартып ырдашалы
Өмүр — бул бир келген бакыт
Өз ара сыйлашалы

Каткырып жанашабыз
Каналек тамашабыз
Кадырлап сыйлашалы
Картайып баратабыз

Кайырма
Өмүр — бул бир келген көктөм
Өр тартып ырдашалы
Өмүр — бул бир келген бакыт
Өз ара сыйлашалы

Үй-бүлө эсен болсун
Урпактар чечен болсун
Дем болуп тең жашайлы
Ден соолук бекем болсун

Кайырма

Гульназ Чыныбек кызы — Өмүр тексти: 16 комментарий

  1. Абдан жакты, учурда мындай маанилуу ырлар абдан аз. Сонун ыр экен, созу да обону да.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *