Гульнур Сатылганова — Сен менин жазылбаган ырларымсың тексти

Көчүрүү (скачать)

Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жылдарымсың.
Сен менин дүйнөдөгү жыргалымсың

Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан,
Сен менин келечегим бакыт ачкан.

Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •