Жалган дүйнө кезип,
Чаңдар өткөн безип.
Жараткандын дүйнөсү,
Жакшылыкка үндөчү.
Аруу, аруу тилек,
Армандарды жиреп,
Аталардын керээзи,
Таамай аткан жебеси.
Эй, эй, эй…
Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй…
Кайдан, кайдан келдиң?
Укчу, укчу кебим.
Карегиңде сыр бардай,
Миң бир түркүн кыр бардай.
Шамал, шамал менен,
Шамда, шамда келген.
Шайыгы да кайыбы?
Байкап турган жайыбы?
Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй…