Датасы: 31.03.2023
Формат: mp3

Бүгүнкү күң окшобостур эртеңге
Өкүнбөйлү өткөн менен кеткенге
Жүргөн жерим майрам болуп шаң болуп
Эң бактылуу болсо экен ар пенде

Кайырма:

Эх жакшылар
Жакшылар бар жайнап көңүл ачылар
Эх жакшылар
Жакшы дилден жакшы сөздөр айтылар
Сабыр менен кыйындыкты жеңели
Амандык болсо кайгы жок болсо
Калган нерсе баары табылар

Өкүнүчтө төгүлбөсүн өмүрлөр
Өксүбөсүн кымбат назик көңүлдөр
Аянбайлы жакшы сөздү айтуудан
Сүйүнүчтөн эргип турсун сезимдер

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *