Датасы: 02.01.2023
Формат: mp3

Өмүргө келесиң баарына көнөсүң
Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың
От болуп жанасың алоолоп өчөсүң
Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң
Жашоого жаралып эх байоо балалык
Чоңойсом экен деп улам бир таянып
Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң
Балалык айылынан алыстап кетесиң

Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да

Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң
Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң
Жайылып кулачың дос тууган курасың
Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың
Ай жылдар агылып байкатпай камынып
Жолуңан жолуугар буюрса карылык
Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген
Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген


Гулжигит Сатыбеков — Өмүргө келесиң тексти: 4 комментарий

  1. Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
    Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да
    Буйруп койгон тагдырыма неге анча **кайгырам** да
    Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *