Датасы: 02.06.2022
Формат: mp3

Күттүрбө эсимдесиң көңүлдөсүң
Күмөнсүп оюң онго бөлүнбөсүн
Анчалык кусалыкка алдырбачы
Ар дайым жүрөгүмдүн төрүндөсүң

Кайырма:

Ардагым сүйөрүмдү билсең болду
Ар убак жандап мени жүрсөң болду
Ашыктык оту жанса ортобузда
Алоолоп күйөрүмдү билсең болду

Айландың жан дүйнөмдүн жакынына
Күн тийсе тийсе деймин ашыгыма
Жоодурап жолун карап тосуп алчу
Жолуккам асылдардын асылына

Жашоомдо жанып турган чырагы сен
Жүрөктүн сыр бөлүшөөр ынагы сен
Асыл жол арабызды бөлсө дагы
Ак таңда эске түшүп турары сен
Ардагым сүйөрүмдү билсең болду
Ар убак жандап мени жүрсөң болду
Ашыктык оту жанса ортобузда
Алоолоп күйөрүмдү билсең болду
Мен сени сүйөрүмдү билсең болду

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *