Датасы: 26.08.2020
Формат: mp3

Кездешүүбүз күттүрбөй болуп турсун
Жүрөгүбүз сүйүүгө толуп турсун.
Эбептен, себептен кантип билбейм
Музыка экөөбүздү жолуктурсун.
Музыка, музыка экөөбүздү жолуктурсун.

Сүйүүбүзгө бакыт кушу конуп турсун
Сезимдерди периште коруп турсун.
Билбеймин кандайдыр жолдор менен
Музыка экөөбүздү жолуктурсун.
Музыка, музыка экөөбүздү жолуктурсун.

Кереметүү кең дүйнө колун сунсун
Ак сүйүүүз багынып моюн сунсун.
Арбалып, арзышкан махабатка
Музыка экөөбүздү жолуктурсун.
Музыка экөөбүздү жолуктурсун.
Арбалып, арзышкан махабатка
Музыка, музыка экөөбүздү жолуктурсун.
Музыка, музыка экөөбүздү жолуктурсун.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *