Илгери-илгери өткөн заманда, Сарымсак деген бай болуптур. Сарымсак байдын койлору ушунчалык көптүгүнөн. Ал койлорго Сарымсак байдын өзүнүн так эсеби жеткен эмес дешет. Маселен, анын койлору суу ичкени төрт чакырым жерге чубап келгенде, койдун алды сууга жетсе, аягы аран козголчу дешет. Кокустан, Сарымсак байдын бардык койлору, бир мезгилде сайдан суу ичсе, сайдын суусу соолуп, козудай балыктар кодурандап, койдой балыктар томурандап калчу. Ал Сарымсак бай ошончолук бай болгону менен, анын жалгыз шалбыры менен бир эле көйнөгү болуптур. Ал шалбырды кемпири жууп койгондо, эл менен кошо бара албай, жуурканга оронуп, шымы кургаганча үйүнөн чыга албай, а калган өмурүн элге кошулбай, кой менен журуп өткөрүптүр.

Анын үйунө конок келгенде, же туугандарынан бирөө жарым келип калганда, кемпири байга барып: — “Оо бай, үйгө конок келди, кан чыгарып бирдеме соёлубу” — десе:

Кой, кой байбиче, бул бечаралар көзүн жалдыратып турса, кантип гана мууздайсың? Бар, барып курут-пурут эзип эле жөнөтүп ий — деп, коногуна чычкак улак сойбой койчу экен.

Күндөрдун биринде, анын үйүнө кечки конок болуп, бир бечара дубана келип калат. Байбичеси ал карып дубананы аяп байына келип:Оо байым, бир улакка таш кулап, бели сынып калыптыр. Эми ал мал деле болбойт, эмне кылайын? Анын үстүно, бир дубана кечки конок сурап келиптир — дейт.

А бечарам ай, бечарам!… Мейли эми, сойдурсаң сойдур. Меймандын ырыскысы кошулуп калыптыр — дейт Сарымсак бай. Кемпири келип, койчуманга бир улакты сойдуруп, дубананы сыйлап жөнөтөт. Болгону ошол болуп, ошондон башка бир
мал союлбайт.

Арадан жылдар өтүп, бир жылы кыш оор түшуп, кар өтө калың жаайт. Ач калган койлор биринин жунун бири жеп, бир эле жуманын ичинде бүт койлору кырылып калат. Кечээки коюна сан жетпеген Сарымсак бай, бүгүн итке минген кедей
болот.

Кышында кокту-колотто тоңуп өлгөн койлордун эти жазда эрип, курттап, сасып кетет. Анын сасыгына адам түгүл ит чыдабай, Сарымсак байдын жайытына кой эмес, жору менен кузгундар толуп кетет.

Ошол эле жылы, арам өлгөн койлорунун артынан Сарымсак бай бул жалган дүйнө менен кош айтышып, о дүйнөгө сапар алат.

Өлгөн байдын ариетине соёлу десе, чычкак улагы жок, катмы-жаназасы окулбай, тажыячы эл туруп калышат. А тууган уруктары: — “Тим кой, курут-пурут эзип, кудайысын өткөро берсин” — дешип, эч кимиси бир улак бербей, тескери
карашат.“Эми эмне болот” -деп, эл аңырайып турса, кайдан экени белгисиз, бир чолок улак жетелеген дубана келип калат.

Оо, калайык, мына бул улакты бир момун адам садага берген эле… Бул улактан кан чыгарып, жаназасын окуп коёлу. Ылайым, ар кимдин тапкан туткандары өздөрүнө насип этип, ар пенденин эки дүйнөсүн тең кудай таала абаат кылсын!

Кана, “Оомийин” деп коюнуздар! — дейт дубана.

Ошондо карап турган адамдар да — “Оо-миин” — дешип, анан Сарымсак байдын сөөгү жерге коюлган экен.

Чын эле, дубана айткандай ылайым ар кимдин тапканы өзүнө насип этсин! Кана, биз да “Оомиин” деп коёлу! Оомиин

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сарымсак байдын өлүмү (насыят -жомок): 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *