Датасы: 17.09.2020
Формат: mp3

Асылым алыстасың үмүт менен
Сагынып саргаюуга түтө берем
Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп
Бир күнү келээриңди күтө берем

Кайырма:
Эээй асылым эй, асылым
Жаным берген жакыным
Асылым эй, асылым
Сүйүп жүрөм жашыруун

Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң
Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң
Эрчитип ажайып бир алыстарга
Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң

Кайырма

Асылым алыстасың үмүт менен
Сагынып саргаюуга түтө берем
Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп
Бир күнү келээриңди күтө берем

Кайырма

Гүлбү Ороскул кызы — Асылым тексти: 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *