Датасы: 25.04.2020
Формат: mp3

Көгүлтүр көлдүн бетинде,
Кайыкта жүрдүк кечинде.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.

Кечээги күндөр эсимде,
Келбедиң күттүм кечинде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде.

Көлүмдө сүйүү түптөлүп,
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл,
Сүйүүгө бизге күч берип.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.

Гүлбү Ороскул Ортомчу бизге Ысык-Көл клип

Гүлбү Ороскул. Ортомчу бизге Ысык-Көл тексти: 39 комментарий

    1. Жаны жаннаттан болсун оомин жакшы аткарган ллмин

      1. Жаны жаннаттан болсун оомин жакшы аткарган оразбек алматы

  1. мен Жакындп эле угуп калдым .аябай жагат .званококко ушул музыка койуп аламын.

  2. мен Жакындп эле угуп калдым .аябай жагат .званококко ушул музыка койуп аламын.

      1. Эң жакшы адамдын өмүрү кыска экен да Гүлбү кыз бар болгондо дагы канча чыгарма жаралмак

        1. Туура,талантту,сулуу аял эле,Аллахым баардыгын бериптир,бирок омуру кыска экен

  3. Рамаатылык мыкты ырдаган жаткан жери жайлуу болсун

  4. Албетте жагат, өзүм да жакшы көрүп ырдап жүрөм кээде

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *