Качандыр бир кездерде бир айылда токойчу жашаптыр. Бир күнү ал токойго келет. Кыңылдап ырдап, бейкапар отун кертип атсале, капилеттен караңгы токойдон токой дөөсү чыгып, аны көздөй келатат! Тулку бою капкара жүн, узун куйругу чайпалып, арбайган-тарбайган манжалары кыбырап, түк баскан кулагы кыймылдаганычы түгөттүн. Ал токойчуну көрөр замат арсалаңдап каткырат:

– Йе, мына азыр, ойной турган кишини таптым өзүмө! Сен ким деген немесиң?

Алдыда не балээ болорун отунчу дароо түшүндү. Эмне кылышты ойлонот да, минтип амалданат:

– Менин атым – Былтыркы Жыл.

– Кел анда, Былтыркы Жыл, жонубузду тырмашып ойнойбуз. Кимдин кытыгысын ким келтирер экен.

Токой дөөсү жон тырмашкандын катыгын берери турган иш ко! Андан кантип кутулса болот?!

– Ойной турган чамам жок, ишим көп, – дейт токойчу.

– Опе-ей, де, ары жок. Мени менен ойнобойм дечи… Анда сени эч качан кеталгыс кылып айланчыктатып салбайын токойго! – дейт каарданган дөө.

– Болуптур, ойнойм, – дейт аргасы кеткен токойчу, – анда адегенде мага жардам этип, моногу дөңгөчтү жарышып койчу, – дейт да токойчу балтаны керилип туруп урганда, дөңгөчтөн жарака кетет. – Эми жардамыңды көрсөт! – деп кыйкырат токойчу, – манжаларыңды дөңгөчтүн жаракасына сала кой, жарака ачыла түшкөндө, мен дагы бир согоюн!

Акылсыз аңкоо дөө манжаларын жаракага сала койгондо, токойчу карап турмакпы, балтаны керилип туруп шилтегенде, токой дөөсүнүн манжалары соо калабы… Манжалары жаракага кыпчылып, жулкуна баштайт. Токойчу балтасын колунан чыгарбайт. Бирок бул да эчтеке эмес, токой дөөсү айлананы жаңырта айкырганда, токойдон башка дөөлөр да жүгүрүп чыгышат.

– Саа эмне болду, не кыйкырасың?

– Колумду Былтыркы Жыл кыпчытып салды!

– Качан кыпчытып алдым дейсиң? – башка дөө таңгалат ага.

– Азыр кыпчылды, Былтыркы Жыл кыпчытып салды!

– Түшүнсөм буюрбасын, – башка дагы бир дөө таңгалат. – Бу не дегениң? Бир айтасың: азыр кыпчылды, бир айтасың: былтыркы жыл…

– Ооба, ооба, – дейт тиги кыпчылган манжасын сууралбай, – Былтыркы Жыл, Былтыркы Жыл! Кууп жеткиле аны! Сазайын колуна бергиле!

– Былтыркы жылды кантип кууп жетмек элек? – дейт таңгалган башка дөө. – Кантип анын сазайын бермек элек?

– Манжасын былтыр кыпчытып алып, азыр кыйкырык-чуу салганы кандай. А эмне былтыр унчуккан жок? – үчүнчү дөөнүн акылы айраң болот.

– Мунун манжасын былтыр кыпчыткан кишини быйыл кайдан издеп тапмак элек? Андан бери канча өттү? – төртүнчү дөө да аңыраят.

Акылсыз аңкоо токой дөөсү эч нерсени түшүндүрө албай, тиги дөөлөр чытырман токойго кирип кетишет. Ошентип ал манжасы кыпчылган дөңгөчтү жонуна көтөрүп алып, ошол күндөн ушул күнгө чейин айкырык салат дейт:

– Колумду Былтыркы Жыл кыпчыды! Былтыркы Жыл кыпчыды! Былтыркы жыл!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Акылдуу балдар19
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *