Тойбосс
Тойбосс

Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып,
Койбогула, кыздар ай!
Кызыл күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал,
Күлгүн жашың барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин алдында.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1076
Азиз Батыров — Алга Кыргызстан тексти663
Асанкалый Керимбаев - Ак булуттар тексти556
Кумар Асанов — Кыргызстан тексти357
Темир Дамирбеков — Ким сени мынча алдаган? тексти267
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти266
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3259
КЫЗ - БУРАК тобу — Кыргызстан тексти257
Жумагүл Раимжан кызы — Суктанам тексти187
Назель — Комузчу тексти187

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.