Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүт күн.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң,
Бүгүн да мени күттүң.
«Жайнаган каректериң,
Карагым келет» дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
«Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен».
Дегенде мен ойлодум:
«Сүйөм деп айтпаса экен».
«Чын эле, чын эле сүйөм» деп айтпаса экен…
Ак жамгыр майдаланып,
Апаппак карга айланып.
Ушул кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып.
«Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен».
Дегенде мен ойлодум:
«Сүйөм деп айтпаса экен».
«Чын эле, чын эле сүйөм» деп айтпаса экен….
«Жайнаган каректериң,
Карагым келет» дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
«Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен».
Дегенде мен ойлодум:
«Сүйөм деп айтпаса экен».
«Чын эле, чын эле сүйөм» деп айтпаса экен…

Гүлнара Кахарова — Айтпаса экен тексти: 2 комментарий

  1. йм аргендей добушу дайым жанырып журо берсин:

    Мага Гульнара Кахарова аткарган ырлары абдан жагат ырчы кызыбызга Ден соолук каала

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *