Жай кышы бийлеп сайран куруп
Толкундар желге ойногон.
Ак куудай канат жайган булут,
Кылаалап көлду бойлогон.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай

Кайырма:

Ля, ля, ля, ля, ля, ля, ля, ля, ля,
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай
Сүйүүнүн ырындай, ырындай.

Күндүзү көлдүн көркүн кара,
Ак куулар сүзүп баратат.
Чолпондой кыздын көркүн кара.
Көргөндөй мени каратат.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай.
Махабат ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай
Сүйүүнүн ырындай

Один комментарий к “Көл вальсы тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *