Кандай бакыт аткан таңга суктануу
Кандай бакыт чыккан күнгө кубануу
Көңүл эргип тыңшап жүрөк дүмүртүн
Көзүң күйүп көздө сүйүп нурдануу
Кандай бакыт аткан таңга кубануу
Кандай бакыт сүйгөн жарды сагынуу
Күтүп эңсеп караанына тагылуу
Көп күттүрүп келген кезде сүйгөн жар
Кучак жайып кучагына жабылуу
Кандай бакыт сүйгөн жарды сагынуу
Кандай бакыт балдарыңа жалынуу
Көөдөнүңө батпай сүйүү агылоо
Күлмүңдөгөн сүйкүм жүзүң аймалап
Көкүрөкө алтын жылдыз тагынуу
Кандай бакыт балдарыңа жалынуу
Кандай бакыт бирин-бири сыйлашуу
Кандай бакыт болбосо эгер чырлашуу
Кандай бакыт тике карап көзүңө
Колун кармап ак тилегин арнашуу
Кандай бакыт бирин-бири сыйлашуу