Датасы: 23.04.2024
Формат: mp3

Көңүлдүн черин жазып
Көздөрдөн сүйүү чачып
Жол түшүп сүйгөндөрдөң
Жолугуу кандай бакыт

Кайырма:
Гүл кармап колдорума
Бактылуу болгонума
Мен сени көрүү үчүн
Баратам жолдо мына

Гүл болуп көрүнөсүң
Нур болуп төгүлөсүң
Керемет сезимдерге
Кезиккен ушул кечим

Өмүр аз ойлоп көрсөм
Өкүттө калба эртең
Эритип жүрөгүмдү
Эркелеп койчу эркем

Артылып колдор аста
Арбалып махабатка
Айланып келеличи
Арманым таштай каткан

Мен сени сүйөм дечи
Сендикмин сендик дечи
Бирөө бир жатка калсын
Сүйүүнүн ушул кечи


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *