Датасы: 24.02.2021
Формат: mp3

Чыныгы жүздөр менен
Чыры жок сөздөр менен
Жаркырап күлүп турган
Жайнаган көздөр менен
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы

Сагынган жүрөк менен
Эң жакшы тилек менен🤲
Кучактап бекем кысып
Кубаттуу билек мн
Көрүшкөн кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы

Амандык болсун дешет
Бөксөлөр толсун дешет
Байырлап башыбызга
Бак дөөлөт консун дешет
Бар болсок кандай жакшы
Бар болгон кандай жакшы
Бар болсок кандай жакшы

Өйдөдө өбөк болуп
Ылдыйда жөлөк болуп
Туугандар жай турмушта
Жакшылык себеп болуп
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы

Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы тексти: 88 комментарий

  1. Абдан жакты эми минусун кошунуздарчы сураныч

  2. Жараткан Алла таалам жакшы кундордо жолуканга насип кылсын ар бир инсанды Гулназ сага ийгилик

  3. Эн соонун ыр Создору да эн жакшы журокко жеткен чыгарма болуптур Мага аябай жакты

    1. Эн тсоонун чыгарма суйуп угамын уну да сонун гулназдын унуно береке

  4. Виды башка бирөө ырдаса окшошпой калмак болуш керек обонуңуз жакты

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *