Датасы: 01.04.2022
Формат: mp3

Рамазаным-он эки айдын султанысың
Мусулманга хидаят сунганың чын.
Жараткандын берилген сообунан
Калбайлы ээ-ээй.
Дуба менен тососуң күндүн таңын
Отуз күндө сезесиң суунун даамын
Акыретти унутпай орозо кармайлычы.

Кайырма:
Кел Рамазан, Рамазан
Ыйманга эшик ачып.
Алладан тилеп жакшылык
Жүрөккө бакыт чачып.

Беш парыздын бирөөсү жалпыңарга
Орозо — бул каниет жакшыларга.
Кабыл болсун пенденин
Эңсеген тилеги ии-ий.
Ооз ачкыла туугандар кезигишип
Таарынычты, капаны кечиришип.
Рамазандын кадырын эң жакшы
Билели ии-иий.

Кайырма:
Кел Рамазан, Рамазан
Ыйманга эшик ачып.
Алладан тилеп жакшылык
Жүрөккө бакыт чачып.




Сайкал Садыбакасова — Рамазан тексти. Жаңы ыр 2022: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *