Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Сейилдеп жай гана, жүрөмүн айылымда,
Секетим жанда жок, көңүлсүз айлана.
Күтөмүн сагынып, сүйүүгө багынып,
Күлмүңдөп жылмайган жүзүңө зарыгып.
Эргиген ой менен кыңылдай ыр жазам,
Жалгыздык жай алып, капалуу айланам.
Күтөмүн күү менен, жылдыздуу түн менен,
Үн катып койсоңчу эң назик үн менен.
Бүркөлүп булуттай, жамгырдай жаш алам,
Бугумду билгизбей булуттан жашырам.
Күткөнүм сезерсиң, сүйүүмдү билерсиң,
Бүт сүйүүм толкуса, кечикпей келээрсиң.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *