Датасы: 10.09.2020
Формат: mp3

Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп
Үч кылына өмүр калган өрүлүп
Бапестесе атам сени баладай
Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп
Өксүбөчү алтын комуз кайгырып
Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып
Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз
Эркелеткен атабыздан айрылып

Өксүбөчү жолукпай калган жол узун
Жолдон да арман ой узун
Арманды басаар муңдашым
Атамдан мурас комузум
Солкулдап жүрөк жашыса
Соороном угуп добушуң

Атам мага айтпай калган керээзин
Алтын комуз күүгө салып келесиң
Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып
Көзгө тартат атакемдин элесин
Жолукпай калган жол узун
Жолдон да арман ой узун
Арманды басаар муңдашым
Атамдан мурас комузум.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *