Датасы: 29.11.2021
Формат: mp3

Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.

Кайырма:
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым, ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.

Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүнө мен.

Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем

Калыс Жакыпов — Күнөлүү белем тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *