Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат,
Ойноок көз курбум карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин башкадан ылгап.
Кайырма:
Ооруду жүрөк ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.
Сагындым сени үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм
Кайырма:
Кыйбасым ойлон кымбатым жандын,
Жанымда болуп жалындай жангын
Антпесе өмүр боектой өчөт,
Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Арзуу тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 16016
Зор чыгыптыр ката жок
Ооба ыр экен. Сонун
Зор чыгыптыр ката жок
Сонун чыгыптыр