Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Тап таза элең Ала- Тоонун таңындай
Жыпар жыт элең каркыранын жазындай
Кереметтүү мекеним аза күткөн адамдай
Азыр кайгырып кара кийип алгандай

Кайырма:

Кайран менин жерим
Ала-Тоонун деми деген көркү жок
Колдо болгон алтын баркы жок
Кайран менин жерим
Ыйлай берип соолуп көз жашы
Ак мөңгүсүз калды топ ташы

Атактуу элең ташка тарыхың жазган
Эр жигиттери эзелтеден ыр дастан
Эми жүрөт кор болуп башка элдин жеринде
Көзүнөн учуп өз мекени Кыргызстан


Кайырма:

Кайран менин калкым
Дүйнө кезип чачырады уул кызың
Бар байлыгын сатты кыргызым
Кайран менин калкым
Касап майып канга жан кайгы
Эл ойлогон бизди жан барбы
Элим деген эр азамат жан барбы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *