Датасы: 28.09.2020
Формат: mp3

Акындардан калган сахна
Акыл оту жанган сахна
Жан дүйнөмө азык болоор
Жашыл нурлар тамган сахна
Ырчылардан калган сахна
Ышкы оту жанган сахна
Ырахаттуу мүнөттөрдү
Ырга айлантып салган сахна

Кайырма:
Ак берметтей жангым келет
Алдыңарга баргым келет
Жылдыз жанган бул сахнадан
Жылдыз кармап алгым келет

Залкарлардан калган сахна
Заман оту жанган сахна
Эчен талант өтсө дагы унутулгус
Элдик сахна, элдик сахна

Кайырма:
Ак берметтей жангым келет
Алдыңарга баргым келет
Жылдыз жанган бул сахнадан
Жылдыз кармап алгым келет

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *