Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер,
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегендей муздайт денем.
Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгон.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом?
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак,
Калсаң сен жолукпастан?
Ырларым сага арнаган,
Кас туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *