Көрктөнүп чакан аймагы,
Талаасы кийген сайманы
Токчулук жыттуу айлымдын,
Түгөнгүс эмгек каймагы.
Жароокер тоолук курбумдун,
Жолунан тостум жайдары.
Курбуга курбу кымбат да,
Кубаныч кошуп сырдашса.
Сыр түйүнүн чечип отуруп,
Сезбеппиз эбак күн батса,
Жыргалы белем сезимге,
Жылдыздар көзүн ымдашса.
Түбөлүк кеткис эсимен,
Түнт бактуу кыштак четинен.
Жаңыдан чыккан ай нуру,
Шыкаалайт бизди секиден.
Аңдыса деле алтын ай.
Антыбыз эбак бекиген.
Жаңыдан чыккан ай нуру
Шыкаалайт бизди шекилди
Бул эски сөз шекилди, шекилдүү деген. Секиден деген туура эмес.
Секиден деген сөз бар илгертен секи-бул кырдан дегендей үстүртөн дегендей маанини түшүндүрөт.Биздин апалар секиге чыгып малды карачы деп калышчу
Эч кандай катасы жок.Жамал айым сөздүн маанисин бузбаныз