Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бералбадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.
Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.
Көк өгүздү кубалап мен,
Оолуккамын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолуккамын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз.
Кашка сулуу булактан,
Суу аласың,Сардал кыз.
Карала да моюнкатардай,
Чубаласың,Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан ,
Суу аласың , Сардайл кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.
Гүлзат Байзакова — Сардал кыз тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 775