Датасы: 05.09.2020
Формат: mp3

Жанаша өскөн бийик чынарым
Жарыгын чачкан түнкү чырагым
Сөйкөсүн салып башка бирөөнүн
Азапка салдың мени Бегайым

Кандай кылайын кандай кылайын
Өзүңдү ойло тартам убайын
Жаным Бегайым жаным Бегимай
Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын

Ырларымда сен калдың ынагым
Тоодон аккан мөлтүр булагым
Жоолугун салып башка бирөөнүн
Күйүткө салдың мени Бегайым

Короз кыйкырып канатын кагат
Жылдыз суюп таң атып барат
Кош дедиң кайра кош дедиң кайра
Көзүмдөн тунук жаш агып барат
Жаным Бегайым жаным Бегайым
Башка адамга өзүңдү кантип кыйамын





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *