Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен,
Жаз күнүндө жагымдуу элең, жанга сен.
Комуз элең, кыл тагылып күүлөнгөн,
Чолпон элең, балбыл жанган таңда сен.
Андан бери сан күн өттү арыштап,
Ал күндөрдөй сен да кеттиң алыстап.
Арыздашпай алысташың себепсиз,
Азыр дагы бир мен үчүн табышмак.
Сен куш болдуң кокус колдон качырган,
Сен гүл болдуң бир суктантып жашынган.
Арабызды айлар, жылдар бөлсө да,
Ашыктыгым бир өзүңө, ашыганы ашынган.
Жаным даяр сен дегенде балкыган,
Багым даяр сени күтүп аңкыган.
Кадырыңа жетер кезим ушул кез,
Кайкып учуп кайра келчи, каркырам.

Один комментарий к “Айпери Кулбаева — Кайра келчи, каркырам тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *