Көчөлөрүн араласам
Метродон адашпасам
Жүргөн жерим азыр Москва
Бакыт издеп келе бергем
Кош айтышып энем менен
Көнүп калдым сага Москва
Кайырма:
Ана Москва мына Москва
Жаштык күндөр сенде калды
Кана Москва ээй
Жаштык мас тура
Ойнок кез тура
Кызык күндөр сенде өттү
Ойноп Москва
Кээде туруп тажап кетем
Күндөр өтсө азап чеккен
Мекенимди эстеп сагына
Кээ бирөөгө күндө майрам
А бирөөгө бүтпөс арман
Жашап жүрсө сенде Москва
Ана Москва мына Москва
Кыйын күндөр сенде өттү
Ыйлап Москва
Керемет тура
Кенебейт тура
Көз жаштарга ишенбеген
Шаарым Москва
Жаш күндөрүм жалындаган
Канча көрбөй армандаган
Өтүп жатат сенде Москва
А канчоосу бакыт тапты
А канчоосун ажыраттын
Былк этпейсин такыр Москва
Ана Москва мына Москва
Тагдыр бизди айдап келген
Буюруп Москва ээй
Жаша Москва
Бар бол Москва
Ыраазымын чын жүрөктөн
Сага Москва ээй
Гүлжигит Сатыбеков Москва караоке