Датасы: 03.02.2021
Формат: mp3

Күүгүмдөр күн нуруна ээрип күндө
Күн батса ай жарыгын берип түнгө
Жашоонун арабасы жүрөт тура
Жакшылар жүргөн үчүн жер үстүндө

Кайырма:

Өзөктү санаа менен жерип күндө
Өрөпкүм өзгөрүлгөн келип күндө
Жанаашып алгычакты мен аларга
Жакшылар жашаса экен жер үстүндө

Жай жылбай учат мезгил закымдаган
Жашоонун мыйзамынан башым даман
Шоорду күн жакшыларды түгөткөндө
Ошол кез болот окшойт акыр заман

Жанымды соолуттурар жайдан качып
Жакшыны жүргүм келет жандай басып
Азгырык дүлөй кылып турган чакта
Жакшынын үнүн угуу кандай бакыт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *