Кете бер мейли, теңсинбедиң кантейин мени,
Бүлүндүбү биздин тагдырлар.
Баш ийебиз айла жок эми, арга жок эми.
Унутам сени, кайрылба эми.
Өксүп бир сыздап, бөксөрдү,
Жүрөктүн, сен турган жери.
Издейм түбөлүк,
Бизди бөлгөн айлуу түндөрдү.
Жектеп ыйлайм таш боор тагдырды,
Бир өзүңө койбойм күнөөнү.
Эстедиңби, алтын күндөрдү.
Жашырып айтпайм, эч кимге,
Сагынып, жүрөм бирөөнү.
Ойлодуңбу, ойлодуңбу балдарыңды?
Сыр кылып айтпайм эч кимге,
Сагындым жалжалымды.
Гүлжигит Сатыбеков — Ойлодуңбу? тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 9303