Датасы: 27.08.2020
Формат: mp3

Түгөнбөйт өмүр кызыгы
Табышмак болот миң сыры
Чын сүйүү келди Жашоонун
Оорутуп койду бир кызы

Көздөрү башка караган
Көрүшсөк экен саламат
Сүйлөшөт көздөр сөзү жок
Баралык жаным махабат

Сезимдин айдап кемесин
Жылуулук мага бересиң
Жаралып калган өмүргө
Керемет асыл экенсиң

Бир келип калган дүйнөгө
Ой өзгөчө бир жан экенсиң

Жашоонун бүгүн жазы экен
Сүйдүрүп эми койдуң берекем
Жетеби кайдан акылым
Кошуп бир турса тагдырым

Тирүүлүк жана махабат
Жүрөктүн жарымы сенде экен
Карасам көздөр кадалат
Жүрөктү койдуң жаралап

Каректин батып ичине
Жан дүйнөң кетсем аралап
Кирпиктин кирип ичине
Эй дүйнөңдү кетсем аралап


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *