Күндөрдүн бир күндөрүндө тааныштык,
Көздөрүңө тойбой караймын.
Сездиң бекен сен да менин ошондогу сезимим,
Жүрөгүмдүн сен деп жанганын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи сүйүү багына,
Болчу дайым мени менен тагдыр жолунда.
Суранамын, жан ардагым,
Таталы өмүрдүн таттуу балын,
Бирге тосуп таңдын аппак болуп атканын.
Карагаттай көздөрүңдөн, жалжалым,
Мени карап жылмаясың ансайын.
Жаратканым берген бактым сен болуп,
Жүрөгүмдү сага арнадым.
Кайырма:
Ильяс Кудретов — Жан ардагым тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 1156