Акырын шилтеп кадамды,
Бакытка бөлөп ааламды.
Эркелеп мага чуркашса,
Унутам баардык капамды.
Балдарым менин байлыгым,
Бакытыма тийген жарыгым.
Чоңоё берсин, аман соо,
Колдосун дайым, Кудайым.
Кайырма:
Асыл данегим, көңүл эрмегим
Секет болоюн, балдарым
Өмүр белегим, үмүт, тилегим
Силер үчүн, жашаймын.
Медерим болчу балдарым,
Мекенге тийсин жардамың.
Атанын уулу дегизген,
Ардактуу атка жарагың.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Керектүү ишке жарагың.
Акталса эгер үмүтүм,
Болбостур, менин арманым.
Кайырма:
Ильяз Абдыразаков — Балдарыма тексти
Датасы: 03.09.2020 Көрүүлөр: 559
Зор жакшы
Зор жакшы