Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Ал үмүтүмдү, бул сүйгөнүмдү,
Ак сезимимди, издегенимди.
Ашыктыгым сага, араң, сүйүүм, жеттимби?
Гүл кучактап сен кыялымдагы,
Түн кучактап мен сыгынганымды,
Сени, жаным, талбай издеп таптымбы?
Кайырма:
Табышмагымбы?
Адашпай ак сүйүүмдү таптымбы?
Арбалып махабатка баттымбы?
Тагдырым жазган бактымды.
Алмаштыра албай,
Жалганбы же чындыгын биле албай.
Жомоктой жан дүйнөмө келе албай,
Махабат сырын чече албай.
Тамчыларыңда, жазда жамгырда,
Элесиң жатат бул көз алдымда,
Кубанычым сезип турам, чексиз бактыма.
Ал мен үчүн ай — асманда жарыгы,
Ал мен үчүн түн — күнүмдүн жарымы,
Суранычым, эч үзбө менден бактымды.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *