Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Жоодурап сага караар бир адам бар,
Жалбарып жүрөгүңдү сураган бар.
Жамалың жашка толуп турса дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Муңкансаң муңду жазар миң амал бар,
Моюубай кылыгыңа чыдаган бар.
Мүнөзүң мөндүр сымал төксө дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.
Күз келип, жалбырактар куураганда,
Көңүлдүн кетиктерин сураган бар.
Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.

Ильяз Андаш — Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *