Сен мага кимсиң?
Асылым сүйгөнүмсүң
Жалынып, жалбарып күйгөнүмсүң
Мен сага киммин?
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан
Сен мага кимсиң?
Айымсың толуп турган
Булаксың атып чыккан, оргуштаган
Мен сага киммин?
Жаныңа күйөрүңмүн
Чаңкысаң бал кымызың
Жан бирге түгөйүңмүн
Сен мага кимсиң?
Бүтпөгөн ырларымсың
Айтылбай сактап жүргөн сырларымсың
Мен сага киммин?
Булбулуң таңшып турган
Күнгө окшоп жан дүйнөңдө
Жарк этип жанып турган
Мен сага киммин?
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан
Индира Кабылбаева — Сен менин түгөйүмсүң тексти
Датасы: 20.09.2020 Көрүүлөр: 780