Эселек кыз өзүң элең,
Таанышкан кездерде сени менен.
Эчен жылдар, күндөр өттү,
Тагыр бөлгөн ал мезгилден.
Балким сен да эстейсиңби,
Ал күндөрдү эңсейсиңби.
Бала кезге, биз бир конок,
Кайрылуу жок, ал кез жомок.
Эстесең көздөн жаш,
Мончок, мончок.
Эселек кыз, мен эстеген,
Эчак бой жетипсиң бир келишкен.
Токктоо мүнөз сен кара көз,
Эскерүүсү ал кездердин.
Жолугуштук биз кайрылып,
Жолдорубуз тез айрылыш.
Жүрсөң керек сен сагынып,
Көңүл кыйбай,эстеп сыздай.
Жүргөн күндөрдү, ай, жүрөк ырдайт.
ИНСАН тобу — Эселек кыз тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 97