Мен ырдаган сүйүү баян,
Эскерүүдөн жаралган.
Эки жашты бир сүйдүрүп,
Ажыратып зардаткан.
Сүйгөн экен бир сулууну,
Башка элдин улуту.
Тоскол көздөр, жаман сөздөр,
Ал сүйүүнү суутту.
Кайырма:
Ушул баян, сүйүп калган,
Жүрөктөрдөн жаралган.
Улут барбы ак сүйүүдө,
Сезимдерде, көңүлдө?
Аралыктан жылдар өтүп,
Арман калды көңүлдө.
Алыс жакта жашоо кайыл,
Бирге болбой өмүрдө.
Кайырма: