Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым
Катылган сыр, ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл ачарым.
Картайганда арка-бел болор,
Кагылайын, орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын, орун басарым
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим,
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан, асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кандан чыккан, асыл данегим.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *