Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артынан мен дагы бара жатам.
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп,
Көк жылгаяк, эй.
Кандай сонун табигаттын кышындагы,
Карайган жер жамыныптыр аппак карды.
Табигаттын кызыгына терең батып,
Унутупмун таптакыр жылгаякты.
Пайдаланып оңунан көк жылгаяк,
Буттан тартты, жерде калдым мен чалкалап.
Мотурайган татынакай боорукер кыз,
Тура кой деп колдон тартты,
Жайды сурап, эй, жайды сурап.
Кыз кармады колумдан калтыраган,
Турдум дагы салам бердим аргасыздан.
Ошондогу окуя эстен кетпейт,
Уяламын аябай,
Сулуу кыздан.
Иса Өмүркулов — Көк жылгаяк тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 4309