Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти,
Төбөсүнө көтөрүп,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөн жүргөндө жигитти,
Жөн жүрбөйт го мобул деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.
Аскар тоонун этеги,
Барып, барып чат болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ак иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак?
Аргымакты жаман деп,
Буудан кайдан табылмак?
Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаатташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрү,
Жардам берип жаныңда,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо.
Тамашалап кеп айтып,
Табалаган дос эмес.
Ата-энеңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Карысы бар баланын,
Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман.
Өзөк өрттөп, куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.
Көптү көргөн аксакал,
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга,
Дары болот, билип жүр.
Керкейгенге керкейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес.
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.
Алган жарың Айпери,
Айдын кызы болсо да,
Ажаандашып кыйкырып.
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан-тойдон калган соң,
Күлүктүгүң не пайда?
Иса Өмүркулов — Насыят тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 170