Датасы: 24.11.2022
Формат: mp3

Көркөмүң көздү талдырган
Керемет кооз Лейлегим
Бабалар мурас калдырган
Белеги сенсиң Лейлегим
Кендериң асыл баа
Сүлүктү менен Лейлегим
Каниет кылган калкым бар
Өсө бер алга Лейлегим

Кайырма:

Исак Раззаков жердеген
Лейлек жерге мекеним
Ак иштеген азаматтарың
Чыкса кайра эл бактына

Таштап сени кетпейбиз
Тагдырлаш менин эл жерим
Манастай жоону беттеген
Кашыңда турат эрлериң
Кабарын уксам алыстан
Кабатыр тартып дегдеймин
Суук көзүн арткан душманга
Карыш да жерин бербеймин

Клип — Жерим Лейлек


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *