Датасы: 31.08.2020
Формат: mp3

Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?
Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.
Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.
Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.
Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.
Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *