«Кыянатчылык достук байланышты үзөт»

Бир өлкөдө бактылуу үй-бүлө жашаптыр. Ал үй-бүлөнүн сыйкырдуу шакеги бар экен. Бир күнү ал шакекти жубайлар жоготуп алышат экен. Шакекти жоготкондон бери, ал үй-бүлөнүн акчасы күндөн-күнгө азая берет. Аягында жегенге нандары калбай калып, тилемчилик кылып жан бага башташат. Мына ушул жубайлардын короосунда, көп жылдардан бери багып келе жаткан, бир мышык жана бир күчүгү бар экен. Ал үй-бүлө бул экөөнө бере турган нерсе таппагандыгы үчүн ач калып, аларга да ачарчылык таасирин тийгизе баштайт. Экөө жубайлар сыяктуу эле, ач калгандыктан тынчы кете башташат.

Мышык менен күчүк жакын дос болчу. Бир күнү экөө бул абалдан кантип чыгыш керек экендигин ойлоно башташат да, ары ойлонуп, бери ойлонуп, аягында күчүк ушунун баары жоголгон шакектен улам болуп жаткандыгын айтат. Күчүк мышыкка: «Биз бул шакекти табышыбыз керек!» деп сунуш кылат. Мышык күчүккө шакекти уурдаган уурулар шакекти кулпуланган кутуда сакташаарын жана аны ачуу өтө татаал экендигин айтат. Анда күчүк мышыкка:

— Бир чычкан таап кел. Ал кутуну кемирип, тешип берет. Анан биз шакекти алабыз,- деп айтат.

Айткандай эле мышык дароо бир чычкан таап келет. Алар уурулардын үйүнө келишет. Үйгө келгенде мышык күчүктөн:

— Эми кантип кутуга жетебиз? — деп сурайт.

Күчүк дароо колдору менен жерди чукуп, мышык менен чычкан бата тургандай тешик казып берет. Казылган жерден мышык менен чычкан кирип, кутуну табышат. Анан чычкан кутуну кемирип кирет. Куту шакек баткыдай ачылганда, мышык кутудагы шакекти алып, качып чыгат.

Ошентип, мышык менен күчүк шакекти үй ээлерине алып жөнөшөт. Алгач үйгө мышык биринчи келет. Үй ээлери шакекти таап келгендиги үчүн, мышыкка аябай ыраазы болушат. Анан мышыкты мындан кийин биз менен үйдө жашайт, деп чечим чыгарышат.

Күчүк болсо кеч калып, чарчап үйгө келет. Келсе, мышык үйдүн ичинде үй ээлери менен жумшак төшөктүн үстүндө жатыптыр. Бир маалда үй ээлери күчүктү көрөөрү менен:

— Бул кайда жүрдү тентип, кечке чейин, — деп кубалап киришет.

Буга күчүк аябай нааразы болот. Мышыктын бул кыянатчылыгына таарынып, аябай ачуусу келет. Үй ээлери болсо, эми мындан кийин күчүк дайыма сыртта жатсын деген чечим чыгарышат. Ошентип, күчүк кыштын суук күндөрүндө да, жайдын ысык күндөрүндө да, эшикте жатчу болгон экен.

Ушул окуядан кийин, күчүк мышыкты көргөндө жинденип, артынан кубалачу болуптур. Ал эми мышык болсо, дайыма күчүк жок болгон жерден өткөнгө аракет кылып калыптыр.

Мына ушинтип, кыянатчылык булардын таттуу достугун бузган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Ишенимдүү болуу — Мышык менен күчүктүн достугу: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *