Ит, мышык жана чычкан

Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт.

– Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! – дептир.

Читать далее Ит, мышык жана чычкан

ИЛБИРС ЖАНА НАЛИМ БАЛЫК

Бир замандарда илбирс көлдөрдүн жээгинде же дайралардын боюнда жашачу экен. Анткени ал балыкты жакшы көрчү тура. Таң үрүл-бүрүлдө жээкке келип ары-бери ойногон же толкун кыргакка түртүп таштаган балыктарды шап илип кетчү да, курсагын кампайтчу. Килтейген илбирс ушул майда балыкка тоюп калмак беле, анан кечке аңдып жата бермей да.

Читать далее ИЛБИРС ЖАНА НАЛИМ БАЛЫК

ИЛБИРС ЖАНА НООПАЗ

Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт.

Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады.

Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды:

Читать далее ИЛБИРС ЖАНА НООПАЗ

ИЛЕГИЛЕК МЕНЕН КАРГА

Бир кезде Илегилек менен Карга адам болуптур. Ал тургай экөө Кудайдын алдында антташкан достордон болушкан дешет. Кайсы бир күнү Илегилек Карганы конокко чакырат.

– Мен тор салып көп балык кармадым,– дейт Илегилек Каргага.– Келип сый көрүп кет, досум.

– Болуптур досум, барам,– дейт Карга.

Читать далее ИЛЕГИЛЕК МЕНЕН КАРГА

ИТТИН ИТ БОЛГОНУ

Жарыктык бир ит болуптур. Бир күнү ал сейилдеп келмекке тоого жөнөй. Ал жактан бугулардын жарышып мелдешкенин көрүп, тып токтойт. Оозу ачылат. Караса, бугулардын жүгүргөнү укмуш турбайбы. Ичи күйдү иттин!

Карап турду, карап турду, акыры кармана албай: ал да тигилер менен кошо жарышты. Бирок бугулар учат экен, ит караандай турган эмес. Жарышкан сайын артта кала берди. Күйбөгөн жери күл болду. Суктанды тигилерге. Өзүнөн өзү уялды. Арийне, жүгүрө берсем: аракеттен берекет болор деп үмүт артты. Мен да бугудан калбаган күлүк болуп чыгам деди.

Деди да бугулардын эркечине[1] кайрылып, ылдам жүгүрүүнү үйрөнмөк болду:

Читать далее ИТТИН ИТ БОЛГОНУ

ИШТЕГИН МЫШЫК, ИШТЕГИН!

Бир жигит кембагал болсо да байдын кызына баш кошот. Баары жакшы болот, бир гана жери үйлөнөрдүн алдында кыз ага “сага турмушка чыксам аялдай болуп үй жыйнап, тамак жасап, оокатыңды кылбайм, баарын өзүң жасайсың, урбайсың, тилдебейсиң” деген шарт койот. Жигит буга макул болот.

Аялы менен үйү толо сеп келгени менен мындан жигитке кайдан жеңилдик. Баягыдай эле талаа-түздө баш көтөрбөй иштеп жүрөт. Же үйгө келгенде тамагы жасалуу, төшөгү салынуу болсочу. Ошентип мындай жашоодон бат эле тажайт. Аялынын “иштебейм” деген шартына көнгөнүнө өкүнөт. Бир айла таап керээлдин кечке эч нерсе кылбай кошуна аялдар менен ушак чойгон аны тарбиялабаса болбой турганын түшүнөт.

Жакшы аткан таңдардын биринде анын башына жакшы бир ой келери менен аялынын жанында жаткан мышыкка ороюраак кайрылат:

Читать далее ИШТЕГИН МЫШЫК, ИШТЕГИН!

ИЙНЕ-ЖИПТИН ИШИ

Бир жолу чыгырык жип менен ийне:

– Тигүү ишинде ким негизги?- деп талашып кетишиптир.

Чыгырык жип мындай дептир:

– Кийим тигилип жатканда менсиз кездемелер бирикпейт, андыктан тигүү ишинде эң негизги каражат менмин!

Читать далее ИЙНЕ-ЖИПТИН ИШИ

Ит өз кожоюнун кантип тапканы

Качандыр бир кездерде ээсиз жашаган ит өзүнө кожоюн издептир. Себеби жашоо ага абыдан оорлой берет.
Бир курдай ал башы оогон жакка жөнөйт. Суу жээгине келгенде, арык боюнда отурган карышкырды көрүп:
– Кандайсың, карышкыр? – дейт.
– Кандай болсун. Не келдиң?
– Мен өзүмө кожоюн издеп чыктым. Мени өзүңө эш кылып алчы, – дейт ит.

Читать далее Ит өз кожоюнун кантип тапканы

ИТТИН ДОС ИЗДЕГЕНИ

Илгери, илгери ит жалгыз жашачу экен токойдо. Өмүрү кызыксыз өтүп жатканына өкүнгөн ал бир күнү дос издеп чыгат. Болгондо да эч кимден коркпогон эр жүрөк дос күткүсү келет. Ошентип баратып коёнду жолуктурат.

— Кел, дос болуп, бирге жашайбыз, — дейт ит.

— Дос болсо бололу, — макул болот коён.

Кечинде түнөк таап жатып калышат. Түнкүсүн чычкан чуркап өткөндө ит ажылдап үрүп жиберет.

— Эмне үрөсүң? Карышкыр укса экөөбүздү тең жейт, — дейт чочуп ойгонуп, кача турган болгон коён.

Читать далее ИТТИН ДОС ИЗДЕГЕНИ